Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги чек аралар ачылганын айтып, жарандарды орус-казак чек арасына ташып жаткан адамдарга ишенбөөгө чакырды.
— Мындай маалыматтарга ишенбеңиздер, бул жалган. Орусияда, Өзбекстанда жана Казакстанда карантиндик чектөөлөр дале күчүндө, бул өлкөлөрдүн чек аралары жабык. Ушу күндөрү жалган маалыматтарга ишенип алып, орус-казак чек арасына топтолгон жарандар көп болууда, — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Элчилик ошондой эле адамдардын көп топтолуусу коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигин жогорула турганын эскертти.