Жаңылыктар
Ошто 50 орундуу убактылуу күндүзгү стационардык пункт даярдалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто 50 орундуу убактылуу күндүзгү стационардык пункт даярдалууда

Республикалык штабтын койгон тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык Ош шаарынын аймагындагы эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу үчүн, шаардагы Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан "Каныкей" ресторанынын ичине коронавирус илдетинен шектелген бейтаптарды кабыл алып ыкчам текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн 50 орундуу убактылуу күндүзгү стационардык пункт даярдалууда. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. 

Бул орундуктарга Ош шаардык клиникалык ооруканасы тарабынан 50 даана керебет, 50 даана төшөк (матрац) менен, КРнын ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан жаздык шейшептер менен камсыздалды. Орундуктарды даярдыка келтирүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отряды тарабынан атайын жүк ташуучу техникасы, башкармалыктын Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери тартылды.