Жаңылыктар
Казакстан премьери Карим Масимов келди
Саясат
Казакстан премьери Карим Масимов келди

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Карим Масимов баштаган Казакстандык делегация келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Казакстандын өкмөт башчысын Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды. 

Карим Масимов бүгүн Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди. Ошондой эле Казакстандын Өкмөт башчысы кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин алтынчы жыйынына катышат. 

Жыйын алкагында Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын премьер-министри Карим Масимов чакан жана кеңири курамдагы жолугушууларды өткөрөт. 

Жыйын соңунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Ошондой эле, эки өлкөнүн өкмөт башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү менен чыгаары күтүлүп жатат.