Жаңылыктар
ӨКМ: 6 ай ичинде өрттүн саны 30,5 пайызга азайган
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: 6 ай ичинде өрттүн саны 30,5  пайызга азайган

2020-жылдын 6 ай ичинде республика боюнча 1027 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр – 30,5% азайган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 154 млн. сомдон ашык түздү (2019-жылы 260 млн. сомдон ашык - 40,7% азайган), өрттүн кесепетинен 10 адам каза таап (2019-жылы 28 адам), жана 15 адам жабыркаган (2019-жылы 34 адам – 55,9га азайган), анын ичинде 2 жаш балдар (2019-жылы 4 жаш балдар). Өрттөн 24 адамдын өмүрү сакталып калган (2019-ж.  46 адам өмүрү сакталган ) жана 142,млн 255300 сом товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2019-ж 232307200 сом).

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 447 (43,5 %),
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 168 (16,4 %),
  • мештерди этиятсыздык менен колдонууда – 133 (13 %),
  • балдардын от менен ойноосунан – 56 (5,5 %).


Өрттөр болгон негизги объектилер:

  • турак жай сектору – 650 (63,3 %),
  • унаа, гараж, турук (стоянка) – 134 (13 %),
  • кампалар, соода бөлмөлөр – 64 (6,2 %),
  • ачык аянттар – 47 (4,6 %).

Болуп өткөн өрттүн бөлүнүшү:

  •  Чүй облусунда – 262 өрт;
  •  Бишкек ш. – 175;
  •  Жалал-Абад областында -138;
  • Ош облусунда  -132;
  • Ысык-Көл облусу – 121;
  • Нарын облусу -43;
  • Талас облусу – 54;
  • Ош шаарында – 27;
  • Баткен облусунда – 75 өрт катталган.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда 650 өрт (2019ж. 871өрт), ал эми өрттөн 8 адам каза тапкан. Жалпы 1027 өрт кырыктарынын 650 өрт турак жаларында 63,3%.