Жаңылыктар
Мөмө-жемиштен уулангандар көбөйдү
Ден соолук
Мөмө-жемиштен уулангандар көбөйдү

Жай келип мөмө-жемиштер бышкандыктан ичеги карындын жугуштуу оорулары күч алды. Айрымдары оор абалда келип, комага түшүп калып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. 

Дарыгердин айтымында, ичеги карындын жугуштуу оорулары көбүнчө кулпунай менен алчаларды жуубай жегендиктен келип чыгууда. Учурда ушундй дарт менен ооруканага 136 адам кайрылды. Алардын көпчүлүгү балдар. Кайрылгандардын саны көбөйүп жаткандыктан кошумча бөлмөлөрдү ачууга туура келүүдө. 

Азырынча дарбыздан уулангандар жок. Негизи уулануу фактылары боюнча санэпидемстанция базарларга, соода түйүндөрүнө барып жеринде текшерет, - деп баса белгиледи Гүлжигит Аалиев.