Жаңылыктар
Тажикстандын чыгышында жер силкинүүдөн ондогон турак үй зыянга учурады
Дүйнө
Тажикстандын чыгышында жер силкинүүдөн ондогон турак үй зыянга учурады

Өткөн ишемби күнү Тажикстандын чыгышындагы Тажикабад районунда жер титиреп, ондогон турак-жай зыянга учурады. Очогу Гарм кыштагынан 50 чакырым алыстыкта болгон силкинүүнүн күчү 5 баллга жеткен.

Райондук акимчилик жер титирүүдөн Ширинчашма айыл аймагындагы төрт кыштак көбүрөөк зыянга учураганын билдирип, келтирилген чыгымдар эсептелип бүтөрү менен жашоочуларга жардам берилерин убадалады.

«Биздин тизмеде 50 турак-жай бар. Алардын ичинен 10-12си жарым-жартылай бузулган. Калган үйлөр менен социалдык мекемелердин дубалдарында чоң жаракалар пайда болгон. Бактыга жараша, жашоочулардан эч ким жабыркаган жок», — деди Ширинчашма айылынын башчысы Мусо Мазоков.

Ал ортодо жериликтүү тургундар зилзаладан 200гө жакын үй зыянга учураганын билдиришүүдө. «Азыр үйлөрдүн көбү авариялык абалда. Дубалдары жарака кеткен, урап калышы мүмкүн. Мындай үйдө жашоо өтө кооптуу», — деди Зафар аттуу жергиликтүү тургун.