Жаңылыктар
Бишкек троллейбус башкармалыгына - 65 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек троллейбус башкармалыгына - 65 жыл

Бишкек троллейбус башкармалыгынын түптөлгөндүгүнө быйыл 65 жыл болду. 1951-жылы 13-январда Фрунзе шаарында троллейбус жүрө турган линиялар тартылып, биринчи каттам Фрунзе атындагы “Темир-жол” бекетинен башталып, Свердлов көчөсүнө чейин, же азыркы Улуттук банк жайгашкан көчөгө чейин келген.  Бул маршрутту биринчилерден болуп айдоочу Николай Тагильцев башкарган.

Троллейбустун алгачкы линиясы номур биринчи маршрут боюнча Линейная, Совет, Сталин көчөлөрү аркылуу азыркы Чүй проспектисинен баштап, Крупская атындагы балдар үйүнө чейин тартылган. Экинчи маршрут болсо Темир-жол бекетинен тартып, Ленин проспекти азыркы Жибек Жолу көчөсүнө чейин жетип, узундугу 8 жарым чакырымга созулган линия аркылуу 4  троллейбус эл ташып иштеген. 1952-жылы шаар ичинде 17 километрден көбүрөөк линия тартылып, эл ташыган унаанын саны 10 го жеткен.

 Учурда башкармалыкта 660 адам эмгектенип келет. Шаар ичиндеги тогуз   каттам аркылуу 154 троллейбус жүргүнчүлөрдү тейлөөдө.