Жаңылыктар
Коңшу өлкөлөрдүн делегациялары Бишкекте
Саясат
Коңшу өлкөлөрдүн делегациялары Бишкекте

Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода келди. 

Саммит алдында Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле, Кыргызстанга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сатлык Сатлыков баштаган Түркмөнстандын делегациясы КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келди . 

«Манас» Эл аралык аэропортунда аларды биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.