Жаңылыктар
Баткен облусунда өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 8,5 пайызга азайды
Кырсык
Баткен облусунда өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 8,5 пайызга азайды

2020-жылдын 6 ай ичинде Баткен облусунун аймагында 75 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык чыгымдардын жалпы суммасы 6 млн 906 431 сомду түздү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. 

Катталган өрт кырсыктарынан 1 киши каза болуп, 1 жаран жабыр тартты. Өткөн жылы 82 өрт кырсыгы катталып, чыгымы 6894878 сомду түзгөн.

Өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 8,5 % га, ал эми материалдык чыгымдардын суммасы 0,2% га азайган. 

Ошондой эле өрт өчүрүүчү куткаруучулардын өрт кырсыктарына жана авариялык куткаруу иштерине  чыгуусу менен  жалпы суммасы 23 млн 274 миң сомдук материалдык баалуулуктар  куткарылган.