Жаңылыктар
Суур этинен кара тумоо жугушу ыктымал
Ден соолук
Суур этинен кара тумоо жугушу ыктымал

Орусиянын Тыва Республикасында жергиликтүү бийлик коңшу мамлекетте кара тумоо оорусу чыккандыктан, айрыкча Монголия менен чектеш аймактарда жашагандарды суурга аңчылык кылбоого, бул макулуктун этин жебөөгө чакырды. Ошондой эле курт-кумурскадан сактануу керек экени эскертилди. 

Тыванын айыл чарба министрлиги кара тумоо келемиш-чычкандардан тарашы мүмкүн экенин, суур менен төөнүн этинен да жугушу ыктымал экенин билдирди. Кытай менен Монголияда кара тумоо оорусу катталгандыктан Алтайда да бийлик жергиликтүү тургундарга суурга аңчылык кылууга тыюу салды жана чек ара аймактарын күзөтө баштады. 

Ички Монголиянын Баян-Нур аймагында бир койчуга кара тумоо жукканы белгилүү болгон. Андан кийин бул илдет дагы бир канча адамдан табылган. Ооругандарга мындай илдет суурдун этин жегенден кийин жукканы айтылган. Мындан улам аймакта жапайы жан-жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынды.