Жаңылыктар
Калк саламаттыгы баарынан кымбат
Кыргызстан жаңылыктары
Калк саламаттыгы баарынан кымбат

Бишкекте күндүзгү стационардан дагы бешөө ачылды. Алардын биринде Президент Сооронбай Жээнбеков болуп, андагы шарттар менен таанышты. Өлкө башчы өз жанын тобокелге салып, илдет менен күрөшүп жаткан дарыгерлер менен баарлашып, аларга жасап жаткан эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Кошумчалай кетсек күндүзгү дарылоочу жайларды дагы көбөйтүү маселеси кечээ калаа башчы менен президенттин онлайн кеңешмесинде талкууланган. Буга чейин шаардын төрт районунда күндүзгү стационарлар ачылган.

Күндүзгү стационар шаардын түштүк бөлүгү, кудайберген базары тарапта жашаган калкты тейлейт. Азыр эле ачылганына карабай, колуна дары-дармегин көтөргөн жарандардын кезеги бат эле пайда болду. Бири жөтөлүп жатса, дагы биринин дене табы жогору. Дарыгерлер текшерип көрүп, уколун сайып, тамчылатма дарысын куюп, кайра үйлөрүнө узатып жатышат. 

Бишкек шаарынын аймагында мындай стационарлардан бүгүн бешөө ачылды. Жалпысынан борбордо тогузу иштеп жатат. Тумоонун жеңил түрүнө кабылган ар бир жаран эрте мененки сегизден кечки сегизге чейин кайрылып, дарыгердин көмөгүн алса болот. 

Жаңы ачылган күндүзгү стационардын иши менен Өлкө башчысы таанышты.

Күндүзгү бейтапкана биринчи кезекте зарыл болгон жабдыктар жана дары дармек менен камсыз болгон. анын ичинде жеке коргоочу каражаттар зарыл болгон санда камдалды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору стационарлар жаңы түзүлгөндө болгон кемчиликтердин баары иликтенип чыкканын билдирди.

Дарыгерлер менен баарлашууда Президент борбор калаада стационарлар өз маалында ачылгандыгын белгиледи, анткени буга чейин жарандар медициналык кеп-кеңеш жана алгачкы жардамга муктаж болуп, эл арасында тынчсыздануу жаралган.

Мамлекет башчысы тарап жаткан инфекция саламаттыкты сактоо тутумундагы жыйырма беш жылдан бери чогулган көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын белгиледи. Бүгүнкү кырдаал заманбап ооруканаларды куруу зарылчылыгын жаратканын билдирди. Өлкө башчы маселе чечилерин айтты. 

Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо тутуму туш келген бүгүнкү учур буга чейин эле баарына белгилүү экенин, саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө маселе Коопсуздук кеңешинин кароосуна даярдалып жатканын белгиледи. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу маселе кийинчерээк каралат.

Кандай гана кырдаал болбосун саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүү процесси токтоп калбастыгын жана бул маселе жеке көзөмөлүндө экендигин президент кошумчалады. Ал тармакты санариптештирүү аркылуу бир топ көйгөйлөрдү чечсе боло турганын ачыктады.

Учурдагы кыйчалыш абал бир гана саламаттыкты сактоо тутумун сынабастан, мамлекеттин башка тармактарын, жарандык жоопкерчиликти да сыноого алды. Өлкө башчы кыйын абалга карабай улут саламаттыгы үчүн өз жанын тобокелге салган дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. 

Эпидемиологиялык абал өзгөчө оор болуп жаткан Бишкек шаары мындай стационарларга абдан эле муктаж болуп турган. Жалпы өлкө боюнча илдетке кабылгандардын дээрлик тең жарымы дал ушул баш калаага туура келди. Мындай күндүзгү стационарлар оорукана таппай карайлап калган жарандардын дүрбөлөңгө түшүүсүн алдын алды. Өтө оор эмес болсо ушул жерден кеп кеңешин алып, дарысын сайдырып үйүнө кетип калса болот. Экинчиден 118 жана 103 кызматына тынбай чалып жаткандардын көбү келип жардам алып кетүүдө. 

Өлкө башчы илдет менен күрөшүүдө чыныгы абийир, жогорку жоопкерчилик менен алдыңкы катарда эмгек кылып жаткан дарыгерлерге дагы бир жолу рахмат айтты.