Жаңылыктар
Өкмөт ишти ыкчамдатат
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт ишти ыкчамдатат

Өкмөт компьютердик томография үчүн алына турган баага тыкыр көзөмөл салат.Жагдайдан пайдаланып жеке клиникалар компьютердик томография кызматы үчүн акыны кымбаттатып жибериши ыктымал. Ошол эле учурда дары-дармектердин баасы да көзөмөлгө алынат. 

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Премьер-министр Кубатбек Боронов эмгек өргүүдөгү бардык медицина кызматкерлерин жумушка чакыртуу керек деди. Бул аракеттерди Өкмөт Коопсуздук кеңешинин жыйынынын чечимине ылайык ишке ашырганы турат. Анда Президент бул маселелерге өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын койгон.

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курч болуп турат. Мындай жагдайда шаардыктар ак халатчандардын жардамына муктаж болууда. Аймактардан, Россиядан борбордогу кесиптештерине жардам берүү үчүн медицина кызматкерлери келүүдө. Алар өлкөгө абадай зарыл болуп турган учурда эмгек өргүүдөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш, - деди Кубатбек Боронов.

Жарандарды ооруканага тез жардам унаасы менен гана эмес, бейтаптын жакындары менчик машинасы менен да алып келүүдө. Буга байланыштуу орундуктар тартыш болуп калган учурлар дагы кездешип жатат.Ошондуктан бейтаптарды кабыл алууда, керебеттерди бөлүштүрүүдө эсепти так жүргүзүү шарт. Ал үчүн координациялык иш жолго салынмай болду. 

Учурда көп адамдар компьютердик томография жасатууга муктаж болуп жатат. Мындай кызматты Бишкекте 8 мекеме көрсөтөт. Бул кызматтардын баасына мониторинг жүргүзүп, суроо-талап жогору болуп жатканда жеке менчик клиникалар тейлөө баасын жогорулатпоосуна көзөмөл кылуу тапшырмасы берилди. Премьер-министрдин тапшырмасынын негизинде ордо калаадагы ооруканаларга бирден өкмөт мүчөсү бекитилди. Алар эми орундарды даярдоодон баштап, дары-дармек менен камсыз кылуу жагына чейин жооптуу. 

Эскерте кетсек, чет мамлекеттерден кычкылтек концентраторлору алынып келинүүдө. Бул жабдуулар аймактарга бирдей бөлүштүрүлүшү кажет, - деп белгиледи Кубатбек Боронов. Ошондой эле Өкмөт башчы медициналык тез жардам кызматынын ишин күчөтүүнү, күндүзгү стационарларды бардык зарыл каражаттар менен камсыздоо тапшырмасын да койду.