Жаңылыктар
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өз ишин жыйынтыктады
Саясат
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өз ишин жыйынтыктады

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Бишкектеги саммити өз ишин жыйынтыктады. Анда негизинен уюмдун алкагында кызматташуу жана анын келечектеги артыкчылыктуу багыттары талкууланып, саммиттин жыйынтыгында 17 документке кол коюлду.

Кыргыз премьери Ала-Арча резиденциясынан саммитке келген 5 өлкөнүн өкмөт башчысын жана 5 мамлекеттин вице-премьерлеринин ар бирин жылуу маанайда кабыл алды. Андан соң даражалуу меймандар протоколго ылайык, эстеликке сүрөткө түшүп, саммитти башташты. Өкмөт башчылардын тар чөйрөдөгү жолугушуусу бир саатка жакын созулду. Анда күн тартибинде киргизилген маселелердин күңгөй-тескейи талкууланды.



2016-жыл КМШнын мааракелик жылы. Тагыраак айтканда, уюмдун негизделгенине 25 жыл болду. Ошол юбилейлик жылда Кыргызстан шериктештикке төрагалык кылууда. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү вазыйпа.  Өкмөт башчылардын кеңейтилген курамындагы отурумунда кыргыз премьери КМШ менен ЕАЭБдин эриш-аркак иш алып баруу зарылчылыгы тууралуу сөз козгоду. 

Саммитте уюмдун бюджети да каралды. Жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду.Тагыраак айтканда, мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу эрежелери, агробиотүрдүүлүктү сактоо жөнүндө конвенция, мамлекеттер аралык инновациялар, энергетика тармагындагы авариялар боюнча маалымат алмашуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, транспорт, аскер тармагындагы кызматташуу тууралуу конвенциялар жана “АРТ Экспо” эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү боюнча чечимдерге кол коюлду. 

Эскерте кетсек, саммиттин катышуучулары менен бүгүн президент Алмазбек Атамбаев дагы жолуккан. Жыйындын алдында кыргыз президенти менен болгон жолугушуу отурумдун катышуучуларынын демине-дем кошконун КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы билдирди.