Жаңылыктар
Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыялады
Дүйнө
Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыялады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, 13-июлду коронавирустан каза болгон жарандарды эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. 

Мамлекет башчы жакындарын жоготкон казакстандыктарга көңүл айтып, аларды бул оор күндөрдө чыдамдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. “Биз эч кимди кароосуз калтырбайбыз, ар бир казакстандыктын өмүрү жана саламаттыгы үчүн күрөшөбүз”,- деди өлкө башчы. 

Ошондой эле, Токаев жакынкы күндөрү дары-дармек жетишсиздиги жоюларын убадалап, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Анын айтымында, жасалма дем алдыруучу аппараттарды, дары-дармек сатып алууга, медиктерге колдоо көрсөтүүгө жана башка чараларга кеминде 150 миллиард теңге бөлүнөт. 

Кошумчалай кетсек, Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 51 миңден ашып, 264 бейтап каза болду. Өлкөдө 5-июлдан тарта карантиндик чектөөлөр кайра күчөтүлгөн.