Жаңылыктар
Арстанбап эс алуу жайы убактылуу карантинге жабылды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Арстанбап эс алуу жайы  убактылуу карантинге жабылды - Кыргызстан жаңылыктары

Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагында жайгашкан «Арстанбап турбазасы» эс алуу жайы райондук штабдын чечими менен убактылуу карантинге жабылды. 

Андагы 500 орундуу пансионат, үч балдардын лагери быйыл ачылган жок. Жагдайга жараша карантиндик мөөнөт узарышы да мүмкүн. Бирок жеке менчик конок үйлөрүгө чектөө коюлган жок. 

Учурда туристтик аймакта коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Жаңгак токою каптаган жаратылыш аймагы катары белгилүү болгон Арстанбапта үч эс алуу жайы, үч балдар лагери жайгашып, 100гө чукул жеке турак жай да кызмат көрсөтөт. Маалыматтарга караганда, былтыр аймакта 100 миңдин тегерегинде адам эс алып кеткен.