Жаңылыктар
Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн 9-июль күнү саат 12:39да Таджикистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Алга, Жеңиш айылдарында 5 балл, Сүлүктү шаарында Лейлек районунун Исфана шаарында 4 балл, Катраң айылында 4 баллга чейин сезилген. 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.