Жаңылыктар
Шоколад антиоксиданттарга бай жана иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.
Дүйнө
Шоколад антиоксиданттарга бай жана иммунитетти бекемдөөгө жардам берет.

Шоколад антиоксиданттарга бай жана иммунитетти бекемдөөгө жардам берет. Бул тууралуу РИА Новости туура тамактануу боюнча адис Варвара Зародинанын маалыматына таянып кабарлады. 

Адистин айтымында, шоколад жеген учурда мээ дофамин жана серотонин гормондорун бөлүп чыгарат. Мындан сырткары, шоколад иммунитетке оң таасирин тийгизет. 

Дарыгер шоколад какао-буурчактан жасаларын, ал эми анын курамында организмге пайдалуу заттар бар экенин айткан. Анын бири - фламаноиддер. Анда уюп калган канга оң таасир эткен, иммунитетти бекемдөөгө жардам берген антиоксиданттар бар.