Жаңылыктар
Ош шаарында дагы бир жеке менчик клиника изоляция катары иштетилет
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында дагы бир жеке менчик клиника изоляция катары иштетилет

Ош шаарындагы «Нейролайф» жеке менчик клиникасын Алановдор үй-бүлөсү убактылуу изоляция катары пайдаланууга берди. Аталган клиникада коронавирус жана пневмонияга кабылган бейтаптар дарылана баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Клиника менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып чыгып, иштеген дарыгерлерге айлык акысы толук бериле турганын билдирди.
Клиникада жалпы 36 койка даярдалган.

Кыйын кырдаалда бейтаптарды дарылоого жардам берген Алановдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдиребиз.