Баткен облусунда оорунун жайылып кетишине жол бербөө максатында бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Ага ылайык 10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорттордун каттамы токтотулат. Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүп, жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт. Ал эми азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат.
Ошол эле учурда бул унааларга жүргүнчү алууга тыюу салынат. Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынды жана той же мааракелерди өткөргөндөргө чара күчөтүлдү. Мындан сырткары дары-дармек, тамак-аш азыктарынын баасын жогорулаткандарга катуу чаралар көрүлмөкчү.