Жаңылыктар
Өкмөт башчыларынын жыйынында 16 документке кол коюлду
Саясат
Өкмөт башчыларынын жыйынында 16 документке кол коюлду

КМШ Өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйынында 16 документке кол коюлду. Анда уюмга мүчө өлкөлөрдүн калкынын саламаттыгына байланыштуу стратегия, онкологиялык ооруларга каршы биргелешип күрөшүү концепциясы, энергетикалык обьекттердеги авариялар тууралуу маалымат алмашуу, куралдуу күчтөргө керектүү адистерди даярдоо сыяктуу келишимдер камтылган. Жыйындын соңунда юбилейлик саммит жогорку деңгээлде өткөнү белгиленип, кезектеги төрагалык Белорусияга өткөрүлдү.

Саммитке Орусиянын, Беларусиянын, Казакстан, Тажикстан жана Молдованын премьер-министрлери, Азербайжан, Армения, Түркмөнстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери катышты. Алар жыйындын алдында президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушту. Өлкө башчысы уюмдун 25 жылдык юбилейлик саммити өзгөчө мааниге ээ экенин, анын жыйынтыгы натыйжалуу болооруна ишеним артаарын белгиледи.

“Кыргызстан ардактуу миссияга-КМШнын юбилейлик жыйындарын  өткөрүү милдетине туш болду. Ал эми 16-сентябрда уюмдун мамлекет башчыларынын  саммити өтөт. Сиздердин жана уюмдун катчылыгынын аракети менен бүгункү отурумда  ийгиликке жетишебиз деген ишеничтемин. Уюмду трансформациялоо зарылдыгы жана КМШны реформалоо жөнүндө сунушту Кыргызстан колдогонун жакшы билесиздер. Бирок,  бардык чечимдер так жана кынтыксыз эсептелип, алар алгылыктуу болушун көздөп,  биз КМШны реформалоо маселелерине тең салмактуу жана прагматикалык мамиле  жасоону жактайбыз” Бул багытта орток пикир таба алабыз деп ишенем”.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына төрагалык кылган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КМШнын ичинде эркин сооданы киргизүү маселесин көтөрдү. Ошондой эле коопсуздук көйгөйлөрүн жөнгө салууда биргелешкен аракеттердин зарылдыгын белгиледи.

“Биз КМШ жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө  өлкөлөрдүн соода-экономикалык өз ара аракеттешүүсүн чыңдоо зарыл деп  эсептейбиз. Келечекте эки интеграциялык бирикме ортосунда толук кандуу эркин  соода режимин киргизүүнү кароо мүмкүн деп эсептейбиз, натыйжада, өзгөчө  экономикалык кыйын кырдаалда, биздин өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн  чыңдоого шарт түзүлөт. Мындан тышкары, дүйнөлүк тартиптин өзгөрүүсү жана чек  аралар аралык жаңы чакырыктар жана коркунучтар жаралган учурда мамлекеттердин өз-ара көзкарандылыгы күч алып, жалпыбызды КМШ форматында  көптөгөн багыттар боюнча биргелешип иш алып барууга үндөйт”.

Ошондой эле өкмөт башчы быйылкы Кыргызстанда тарых жана маданият жылында маданий иш-чаралар арбын болоорун айтып, жыйынга катышкан меймандарды сентябрда боло турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө чакырды. КМШ мамлекеттеринин аткаруу бийлигинин башчылары жыйын соңунда 16 документке кол коюшту.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”