Жаңылыктар
Коомдук ишмер Валерий Цой каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук ишмер Валерий Цой каза болду

64 жаш курагында оорунун кесепетинен коомдук ишмер, Цой Валерий Павлович каза болду. Цой Валерий Павлович көптөгөн жылдар бою Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесинин директору болуп, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. 

Ал, 1956-жылы туулган. Фрунзе политехникалык институтунда инженер-куруучу адистиги боюнча билим алган. 40 жылдык ишмердүүлүгүн курулуш тармагына арнады. Эмгек жолун В.И.Ленин атындагы курулуш заводунда мастер болуп иштөө менен баштаган. 

1993-жылы аталган завод «Инсайт» акционердик коому болуп, өз алдынча иштеп баштаган. Валерий Цой өмүрүнүн акырына чейин аталган жамаатты жетектеди. Анын катышуусунда жана жетекчилигинде көптөгөн жарандык жана өнөр жай объекттери курулду. Ал 2 баланын атасы, 6 неберенин чоң атасы болчу.