Жаңылыктар
Туристтерге чакырык таштаган Дмитрий Медведевдин сүрөтү
Кыргызстан жаңылыктары
Туристтерге чакырык таштаган Дмитрий Медведевдин сүрөтү

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Кыргызстандын Ала-Арча капчыгайын сүрөткө тартып, өзүнүн Instagramдагы баракчасына жайгаштырды. Эскерте кетсек Кыргызстанга расмий сапары менен келген Медведев, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен бирге Ала-Арчада сейилдеген болчу. 

Учурда орус өкмөт башчысынын сүрөтү интернетте кызуу талкууланып, Кыргызстандын көз жоосун алган жаратылышына суктангандардын саны арбыды. Дмитрий Медведев өзүнүн социалдык баракчаларынын бирине Кыргызстандагы Ала-Арча капчыгайынын сүрөтүн жайгаштырды. Кызыгы кооз жаратылышка суктанган жактыруулардын саны 1 сутканын ичинде эле 60 миңге жакындап, кызуу талкуулар жүрүүдө.


Албетте, орус өкмөт башчысы Кыргызстандын жаратылышын бир көрбөгөн адам арманда калаарын даңазалап, кооз аймакты интернеттеги достору менен тең бөлүшкөнү кубандырбай койбойт. Бул биринчиден орусиялык туристтерге чакырык таштайт. Өкмөт башчы өзү суктанган жер кандай болду экен деген кызыгуу жаралат.

Ала-Арча капчыгайы Бишкектен 41 чакырым алыста жайгашкан. Негизи эле Кыргызстан жаратылышы керемет көрүнүшкө бай. Чокусу асман тиреген аска тоолору, тунук суулары, таза абасы, токойлору деги койчу санаса сан жетпейт. Туристтердин магниттей тартылганы да ошондон.  Бул жылы Кыргызстанга келүүчү туристтердин агымы калың болоору күтүлүүдө. Себеби 2016-жылы эл аралык делген саясий да, спорттук дагы иш чаралар өтөт. Капчыгын калың камдап, капарсыз эс алалы дегендердин алды келе баштады.