Жаңылыктар
Макулдашылган $627 млн финансы каражатынан 51%ы же $321 млн келип түштү - Асрандиев
Экономика
Макулдашылган $627 млн финансы каражатынан 51%ы же $321 млн келип түштү - Асрандиев

«Бүгүнкү күнгө карата макулдашылган $627 млн финансы каражатынан 51%ы же $321 млн келип түштү, ал эми калган суммасы азырынча түшө элек. Алардын ичинен $166 млн өлкөнүн бюджетине грант катары түшсө, $461 млн – жеңилдетилген насыялоо шартында келүүдө», - деп билдирди КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.


Анын айтымында, чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.



$171 млн айлык акыларды төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталган. Бул сумманын 80%ы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды.



Дүйнөлүк банктын $2,2 млн медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер Дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө.



$3 млн дан сатып алууга жумшалган.



$1,3 млн ӨА режими учурунда гумжардам көрсөтүүгө сарпталган.



«Өлкөгө келип жаткан каржылык жана гуманитардык жардам жөнүндө кеңири маалыматты Өкмөттүн сайтынан таба аласыз. Маалымат жума сайын жаңыланып турат», - деп белгиледи ал.