Жаңылыктар
Эки көлмө убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Эки көлмө убактылуу жабылды

Бишкектеги жайында эс алуучуларды кабыл алчу эки көлмө убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, эпидемиологиялык абал турукташканча Пионер жана Комсомол көлмөлөрүнө түшүүгө уруксат болбойт. Свердлов райондук акимчилиги алардын тегерегине тыюу салган белгилерди орнотуп, кулактандырууларды илип койду.