Жаңылыктар
Интернационал үй-бүлөнүн ынтымагы
Кыргызстан жаңылыктары
Интернационал үй-бүлөнүн ынтымагы

Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү ынтымак-ырашкерликте жашап, эмгектенип келишет. Арасында бөлөк этностун өкүлү менен түтүн булаткан кыргыз атуулдары да жок эмес. Өлкөнүн өркүндөп өсүшүндөгү эң негизги кепилдик - улут аралык ынтымак, саясий жана социалдык туруктуулук экени убакыт менен тастыкталды.

Арыктан аккан суу болбогон соң күн ысыганда жашылчаларды минтип суу ташып сугарганга туура келет. Бири чака, экинчиси кумган көтөргөн тестиер балдар чоң апасы Фатима Байрамкуловага кол кабыш кылууда. Койго чөп салып, тоокко жем берген да неберелери. Бишкектеги мектептин биринде орус-тили мугалими болуп эмгектенген каарманыбыз өргүүсүн Чүй боорундагы Покровка айылында уул-келининин үйүндө ушинтип өткөрүп жатат.

Фатима эне интернационал үй-бүлөдөн. Атасы карачай, апасы кыргыз кызы. Покровкадагы кыргыздарга келин болуп келгенине 42 жыл болду. Эне сүтү менен берилген кыргызчаны суудай сүйлөйт, балдары да эки элдин каада-салты менен үрп-адатын жакшы билет. Бөтөн улуттун кызы деп өгөйлөбөгөн кайын-журтуна бат эле жуурулушуп, маркум жолдошу Тилек Абдраимов экөө үч баланы татыктуу тарбиялады. Улуту, тили, маданияты менен ашканасы ар башка болсо дагы чоң үй-бүлөнү ынтымак ширелтип турат.

Фатима Байрамкулова сыяктуу неберелерине чоң атасынын атын түбөлүк унутпай, бөлөк улуттардын каада-салтын, маданиятын урматтоого үйрөткөн үй-бүлөлөр Кыргызстанда абдан көп. Андай үй-бүлөлөр бөлүнүп-жарылуу дегенди билбей биримдикте жашап келишет. Тынчтыкта жашап, улут аралык ынтымакты ширелтүү кыргызстандыктардын өздөрүнүн гана колунда. Ансыз экономиканы өргө тартып, өлкөнү гүлдөтүү оңой болбойт.