Жаңылыктар
Стамбул шаарында Айя-Софьянын музей статусу жокко чыгарылды
Дүйнө
Стамбул шаарында Айя-Софьянын музей статусу жокко чыгарылды

Түркиянын Стамбул шаарында Султан Ахмед мечитинин маңдайындагы Айя-Софьянын музей статусу жокко чыгарылып, мечит макамы берилди. Мындай жарлыкка өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган кол койду. Мындай чечимди калктын көпчүлүгү колдоп, активисттер бул күндү жеңиш катары майрамдашты. Алардын айтымында, бул макам "Мусулман өлкөсү катары Түркиянын өзгөчөлүгүн чагылдырат". Маалыматка ылайык, Айя-Софья дин иштери боюнча башкармалыгынын көзөмөлүнө өтүп, мечит катары колдонулмакчы.


Эрдоган, Түркиянын Президенти: “Бардык мечиттердей эле, Айя Софья жергиликтүү тургундар жана чет элдик туристтер үчүн, мусулман жана мусулман эмес жарандар үчүн эшигин кеңейтет”.


Айя-Софья алгач православ чиркөөсү, кийин мечит, андан соң дүйнөгө белгилүү музейлердин бири болуп келген. Айя-Софьянын ичинен мусулман жана христиан диндерине тиешелүү да сүрөт жазууларды көрүүгө болот. Имараттын ичиндеги православдарга тиешелүү болгон мозаикалар эмне болору азырынча белгисиз.


Сонер Чантай, Вашингтондун Жакынкы Чыгыш саясаты институтунун изилдөөчүсү: “Айя Софьяны мечитке айлантуу менен президент Эрдогандын жасаган ишинин натыйжасы бир нече пайызга жогорулайт. Бирок, дүйнөлүк аренада Түркиянын кадыр-баркы кайра кайтарылгыс жана абдан маанилүү болуп калат”.

Айя-Софья 1931-жылга чейин мечит катары колдонулган. Мечитти жабуу чечими чыккандан 3 жылдан кийин, 1934-жылы, Түркиянын министрлер кеңеши мечит статусун музейге алмаштыруу боюнча документ кабыл алган. Ошентип, 1935-жылы Айя-Софья көрүүчүлөрдү кабыл алып, музей катары иштеп баштаган. Христиандарга жана мусулмандарга таандык элементтер ушул күнгө чейин сакталып келген бул жай 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.