Жаңылыктар
Каттоо жана паспорттордун жарактуулук мөөнөтүн өзгөчө кырдаалдан кийин узартса болот
Кыргызстан жаңылыктары
Каттоо жана паспорттордун жарактуулук мөөнөтүн өзгөчө кырдаалдан кийин узартса болот

Учурда республика боюнча ӨК тартибинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каттоону узартууга КТБларга кайрылуусуна кажет жок. Каттоону өзгөчө кырдаал режими алынып салынгандан кийин айып төлөбөстөн эле узартса болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Паспортторунун жарактуулук мөөнөттөрү 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин аяктап жаткан өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан гана жарандардын паспортторунун жарактуулук мөөнөттөрү 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

 13-июлдан тартып, Бишкек шаарындагы "Кыргызпочтасы" МИ бөлүмдөрү кайрадан ишин баштады, социалдык жөлөк пулдарды жана пенсияларды төлөө өз убагында жүргүзүлөт.

 12-кичи районундагы, “Asia Mall” соода-оюн зоок борборундагы, Бах-Ахунбаев жана Т.Молдо-Фрунзе "Фрунзе" гипермаркетиндеги калкты тейлөө борборлору эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин карантинге жабылды. Бирок даяр паспорттор штаттык режимде берилет.

 Республика боюнча аймактык архивдер аралыктан иштөө режимине өткөн. Аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо жана контролдоо үчүн борбордук архивдеринин кызматкерлери чектелген санда иш алып барышууда.