Жаңылыктар
Чыныбай Турсунбековдун Швейцарияга болгон сапары
Саясат
Чыныбай Турсунбековдун Швейцарияга болгон сапары

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков расмий сапары менен Швейцарияда жүрөт. Сапардын алкагында спикер дүйнөлүк экономикалык форумдун башкаруу кеңешинин мүчөсү, Регионалдык стратегия борборунун башчысы Филипп Реслер менен жолукту. 

Турсунбеков өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, Кыргызстан келечекте Түштүк Чыгыш Азия менен Европаны байланыштыруучу экономикалык жана финансылык көпүрө катары көрүнөөрүн белгилеп, "Манас” эл аралык аэропортунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. 

Мындан сырткары, төрага Кызыл ай эл аралык коомунун төрагасы Петер Маурер менен жолукту. Анда Турсунбеков абак жайларында жатып кургак учук менен ооруган адамдардын шартын жакшыртуу багытында, эл аралык комитет маанилүү иштерди жасап жатканын белгиледи. 

Төрага ошондой эле БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд-Раад-Аль-Хусейн менен жолукту. Анда ал Кыргызстандагы бийликтин башкы максаты - динине, жынысына, улутуна жана саясый көз карашына карабастан ар бир жарандын укуктары менен эркиндиктери корголгон өлкөнү туруктуу өнүктүрүү экендигин айтып өттү.