Жаңылыктар
Тажикстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери вирус жуктуруп алышты
Дүйнө
Тажикстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери вирус жуктуруп алышты

Тажикстандын Россиядагы элчилигинин үч кызматкери коронавирус инфекциясына кабылды.

Орус бийлиги элчиликтен бул кызматкерлер байланышта болгон адамдардын тизмесин талап кылды.

Россияда вирус жуктурган бейтаптар менен байланышта болгон кишилер эки апталык карантинге алынат.

Элчиликтеги кызматкерлердин баары вирус жуктуруп алган кесиптештери менен байланышта болгон. Мындан ары элчилик кандай тартипте иштей турганы белгисиз.

Тажикстан бийлиги 25-июндан бери Россиядагы жарандарын мекенине алып кете баштаган. Буга байланыштуу тизмеге илинүү үчүн элчиликке келген кишилердин саны көп болууда. Эгер дипломатиялык өкүлчүлүк карантинге жабылса, жарандарды кабыл алуу токтойт. Элчилик өз ишин онлайн режимде алып барат.