Жаңылыктар
Минскте полиция нааразылык акциясына чыккандарды кармап кетти
Дүйнө
Минскте полиция нааразылык акциясына чыккандарды кармап кетти

Минскте 14-июль күнү кечинде мурдагы банкир Виктор Бабарико менен Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Валерий Цепкалону колдогон митинг өттү.

Алдыдагы шайлоодо Беларус президенти Александр Лукашенкого атаандаш болууну көздөп жаткан бул эки саясатчыны Боршайком талапкер катары каттоодон баш тарткан.

"Немис толкуну" кабарлагандай, Эгемендүүлүк проспектинде топтолгон жүздөгөн манифестанттарда же желек, же ураандар жазылган плакаттар болгон эмес. Алар көчөдө жүрүш жасап, кол чаап гана турушту. Нааразылык акциясына жөө кишилер гана эмес көптөгөн велосипедчендер да келди.

Укук коргоочулар ондогон кишилер кармалганын, алардын арасында журналисттер бар экенин билдиришүүдө.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген.