Жаңылыктар
Газ ташыган унаанын жарылуусунан жабыркагандарга кан керек (жаңыланды)
Ден соолук
Газ ташыган унаанын жарылуусунан жабыркагандарга кан керек (жаңыланды)

Бишкекте газ ташуучу цистерна жарылганда жабыркаган 12 жаштагы бала ооруканадан чыгарылды. Үчүнчү балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун айтымында, баланын абалы өтө оор эмес болчу, ал бир аз гана уулу затка ууланып калган. Ал эми экинчи жабырлануучу Улан Абесов оор жаракат алганына байланыштуу 4-ооруканада каза болду. 

Учурда 4-ооруканада 9 адам дарыланууда, бешөөнүн абалы дагы эле оор бойдон. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында жабыркагандарга жардам керек болгондуктан учурда колдоо көрсөткөндөр болууда. Азыркы мезгилге карата бир миллион сом жана 65 миң сомдук дары дармектер келип түштү. Бирок бул жетишсиз.

Азыркы учурда жабыркагандарга кан керек болууда. Буга байланыштуу, Саламаттык сактоо министрлиги кайдыгер эмес жарандарды жардам берүүгө чакырат. Эгерде кимде ким кан тапшыра турган болсо Республикалык кан борборуна келсе болот. 

Кан борбору ыктыярдуу кан тапшыруучуларды жекшемби күндөн сырткары эрте мененки саат 8ден 14:00гө чейин кабыл алат. Дареги Бишкек шаарындагы Тынчтык проспекти менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинде. Телефону (0312) 54 19 14. 

Эскерте кетсек, 6-июнда саат 18де Фучик көчөсүндө газ ташуучу цистерна жарылып кетип, 11 адам жабыркаган. Алардын жетөөсү оор абалда. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.