Жаңылыктар
Бишкектин Салык башкармалыгы жоюлду
Экономика
Бишкектин Салык башкармалыгы жоюлду

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жоюлду. Тиешелүү буйрукка МСКнын төрагасы Замирбек Осмонов кол койду. 

Маалыматтарга караганда, борбордук башкармалыкты кыскартууга - реформанын талабына ылайык иш жүргүзүү, салык органдарынын кайталанма функцияларын жокко чыгаруу, башкаруунун “район-борбор” болгон эки деңгээлдеги тутумуна өтүү негиз болду. 

Мурдагы Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери эми борбордун башка райондорунда ишке орноштурулат.