Жаңылыктар
Ош-Гүлчө-Сары-Таш-Эркештам жолуна санитардык-карантиндик пост орнотулду
Аймак
Ош-Гүлчө-Сары-Таш-Эркештам  жолуна санитардык-карантиндик пост орнотулду

Ош-Гүлчө-Сары-Таш-Эркештам эл аралык унаа жолунун 80-чакырымына санитардык-карантиндик пост орнотулду. Максат оорунун жайылышына бөгөт коюу. 

Өткөрмө постто Алай райондук санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгерлери тартип сакчылары менен биргеликте, жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерип, санитардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт. 

Зарыл учурда беткап, санитайзерлерден жардам көрсөтүшөт. Эл аралык унаа жолу Кыргызстанды Тажикстан жана Кытай мамлекеттери менен байланыштырып турат.