Жаңылыктар
Казакстандын эки жараны спайс менен кармалды
Кылмыш
Казакстандын эки жараны спайс менен кармалды

Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Бишкекке келген казакстандык эки жаранды тинтүү учурунда алардан 30 граммга жакын ак түстөгү зат алынып, эксперттер анын спайс экенин аныктады. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар камакка алынды. 

Алар маңзатын мыйзамсыз сатып жүргөн деп шектелүүдө. Эске салсак, былтыр Жогорку Кеңеш спайсты коркунучтуу маңзаттар тизмесине кошуп, аны колдонууга каршы мыйзам кабыл алган. "Спайс" жөнүндөгү жарыялар Кыргызстанда акыркы кезде кескин көбөйүп кеткен.