Жаңылыктар
К.Боронов Россия Өкмөтүнүн Төрагасы М.Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Саясат
К.Боронов Россия Өкмөтүнүн Төрагасы М.Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү чаралары, вирустун таркашынын алды алуу боюнча өз ара аракеттенүү талкууланды. 

Тараптар ошондой эле эки мамлекеттин кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинде өз ара иштешүү боюнча пикир алмашышты.