Венгрия коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто Бишкекке жумушчу сапары менен келди.
"Министрлердин жолугушуусу учурунда гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Венгрия өкмөтүнө Кыргызстандын атынан ыраазычылык билдирилди", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери, ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга ушул жылы боло турган сапарын уюштуруу жана кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле венгрия тараб Австрияда жашаган кыргызстандыктардын көрсөткөн жардамында да алып келген. Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун сапарынын жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн Дипломатиялык академияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.