Дары-дармектин баасын негизгиз жогорулаткан айрым фармацевтикалык компаниялар жана дарыканаларга карата сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Учурда бул боюнча 27 иш каралууда. Мындай маалымат Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
Отурумда, Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик сатып алуулар аркылуу дары-дармектерди, медициналык жабдууларды алып келүү иштерин ыкчамдатуу тапшырмасы берилди.