Жаңылыктар
Түшүмүн экспортко чыгарган багбандар
Аймак
Түшүмүн экспортко чыгарган багбандар

Ысык-Көл районунда кокон гилас, карагат менен өрүктүн түшүмү жыйналып, коңшу өлкөлөргө экспорттолуп жатат. Кара-Ой айылынын тургуну Евгений төрт гектар аянтындагы кокон гиластын түшүмүн жыйнап жатат. Багбандын айтымында быйыл түшүм жакшы. Ага жараша жакшы баага да өтүп жатат. 

Бул мөмө бактарын Евгений он бир жыл мурда отургузган. Европадан буйрутма менен келген көчөттөрү кийин кызыл, кочкул кызыл, сары түстөгү мөмө бере баштады.