Жаңылыктар
Баткен: шамал бышкан өрүктөрдү күбүп салды
Айыл чарба
Баткен: шамал бышкан өрүктөрдү күбүп салды

Баткенде өрүк бышты. Азыр облустун бардык аймактарында  өрүктөрдү терүү жана кургатуу иштери колго алынган. Жергиликтүү тургундардын айтымында тушүмдүүлүк жогору, бирок түшүм баасы төмөн болгону көйгөй жаратууда.

Лейлек районунун Арка айылындагы катуу жүргөн шамал бышкан өрүктөрдү күбүп салды. Натыйжада аны өстүргөн дыйкандар арбын кирешеден кол жууп калышканын Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиев билдирди. Райондун аймагында өрүк көп өскөңдүктөн учурда дүңүнөн өрүк саткандар кездешүүдө. Бир түп өрүктү терип жетише албагандар анын бир түбүн бир миң сомго соодалашып  жатканын райондук акими Баймурат Бекмуратов маалымдады. Негизинен терилген  өрүктү кургатуу аракетин көргөндөр арбын экенин кошумчалады. 

Баткен өрүгүнүн дарылык касиети бар. Аны медицина  адистерди белгилешет. Ошондуктан курпгатылган өрүккө болгон кардарлардын катары  жылдан жылга өсүп келет.

К. Калилов,"Биринчи радио"