Жаңылыктар
Гүлчө айыл аймагында социалдык шаарча түптөлүп жатат
Аймак
Гүлчө айыл аймагында социалдык шаарча түптөлүп жатат

Алай районунун Гүлчө айыл аймагында социалдык шаарча түптөлүп жатат. Ага, аймактагы социалдык колдоого муктаж болгон 76 үй-бүлө жайгашат. Демөөрчүлөрдүн эсебинен курулуп жаткан шаарчада тигүү цехи, балдар бакчасы, спорт комплекси жана дүкөн каралган. Акысыз үйлөр муктаждарга муниципалдык шартта берилет. 

Бул үчүн атайын комиссия түзүлөт. Социалдык кызматкерлерден турган комиссия үйдү аймактагы көп балалуу, турмуш-шарты оор жана жалгыз бой энелердин муктаждыгына жараша бөлүштүрөт. Гүлчө айыл аймагында 20 миңден ашык эл жашайт.