Жаңылыктар
259 мекендешибиз келди - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
259 мекендешибиз келди - Кыргызстан жаңылыктары

Бириккен Араб Эмирлигинен «Дубай - Бишкек» багыты боюнча каттам менен Кыргызстандын 159 жараны келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар.

Ошондой эле бул каттам менен АКШ, Канада, Улуу Британия, Афганистан, Египет, Корея, Вьетнам, Япония, Мальдив жана Бахрейндеги жарандарыбыз келишти. Дубайдын аэропортунан бардык жүргүнчүлөрдөн коронавируска карата экспресс-тесттер алынып, алар терс жыйынтык көрсөткөн.

Дагы бир атайын уюштурулган каттам менен Кытай Эл Республикасынан «Сиань-Бишкек» багыты боюнча 100 мекендешибиз учуп келди. Мекенине келген жарандарыбыздын көпчүлүгү Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алган студенттер. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кытайдын аймагында жашап жаткан Кыргызстандын бардык жарандарынын даректик телефон чалуусунун жыйынтыгы боюнча жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен байланышта болгон жарандардан түзүлгөн.

Бул атайын каттамдар дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепетинен чек аралар убактылуу жабылып, эл аралык каттамдар токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча Президенттин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылууда.

Жаңы алгоритмге ылайык кайтып келген жарандар үй карантинине алынып тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө болот. Чет мамлекеттерде жүргөн жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер уланууда.