Жаңылыктар
Кубатбек Боронов Александр Лукашенко менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Кубатбек Боронов Александр Лукашенко менен жолугушту

Премьер-министр Кубатбек Боронов Минск шаарына жумуш сапарынын жүрүшүндө Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. 

Беларусь Республикасынын Президенти эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун ырааттуу өнүгүүсүн белгиледи. Өз кезегинде Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы Беларусь Республикасы менен достук жана өз ара кызматташтык мамилелерге өзгөчө маани берерин баса көрсөттү. 

Жолугушууда Кубатбек Боронов эки жактуу соода-экономикалык кызматташууну күчөтүү, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн, инвестициялык кызматташтыкты өркүндөтүүнүн, эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурдурду.