Жаңылыктар
Орусия кезектеги гумжардам көрсөтөт
Саясат
Орусия кезектеги гумжардам көрсөтөт

Премьер-министр Кубатбек Боронов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчылар түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды жеңүүдө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Кубатбек Боронов россиялык тарапка өлкө үчүн оңой эмес мезгилде кыргыз элине көрсөткөн туруктуу жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Тараптар Кыргызстанга берилүүчү кезектеги гуманитардык жардам тууралуу сүйлөшүштү. Белгилей кетсек, бул жолугушуу Минск шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында болуп өттү.