Ысык-Көлгө келген эс алуучулардын коопсуздугу жана саламаттыгын сактоо максатында көптөгөн жаӊы эрежелер киргизилди. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматта жайкы туристтик сезондун ачылышы менен эс алуучулардын саны өсүп жатканы айтылат. Эс алуу бөлмөлөрүн кошумча тазалоодон сырткары кафелердеги орундуктардын аралыгын алыстатуу талабы коюлган. Ысык-Көл облустук милиция башчысынын орун басары Акылбек Бекишев Ысык-Көл районуна барган.
"Иш-сапар учурунда соода-сатык түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында, дарыканаларда жана эл чогула турган мекемелерде санитардык эрежелеринин сакталышы текшерилди. Аныкталган кемчиликтер боюнча эскертүү алышып, аны четтетүүгө мөөнөт берилди", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө коомдук коопсуздукту сактоого 500дөн ашык милиционер, 350гө жакын ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү жана 75ке чукул кызматтык автоунаалар тартылган.
Жол коопсуздугун 80ге жакын инспектордон турган 30 экипаж көзөмөлдөп жатат. Милиция бөлүмдөрүнүн дареги жана байланыш телефондору көрсөтүлгөн 5000 брошюра даярдалып, туристтерге таратылууда. Анда өздүк гигиенаны сактоо боюнча кеӊештер да камтылган.