Жаңылыктар
Чубак ажынын айткандары экстремизмге тете билдирүүбү?
Дин
Чубак ажынын айткандары экстремизмге тете билдирүүбү?

Дин аалымы Чубак ажынын депутаттарга карата айткан пикири кызуу талкууда. Ал жума намаз учурунда иштеги тыныгууну узарта турган мыйзам долбоорун колдобогон эл өкүлдөрүнө жаназа окулбаса деген пикирин  айткан. Социалдык тармактарда аалымдын айткандарын түрдүү кабыл алышты. Депутат Жанар Акаев Чубак ажыга жооп кайтарып, дин аятчынын айткандарын экстремисттик билдирүүгө тете деп сыпаттады.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу боюнча демилге колдоо тапкан жок. Бул дин аалымын капалантты. Чубак ажы Жалилов мыйзам долбоорду колдогон депутаттарга ыраазычылыгын билдирип, ал эми ага каршы добуш берген эл өкүлдөрүн сынга алды.

Андан ары Чубак ажы мыйзам долбоорун колдобогон 6 депутаттын аттарын атап, алардын туулган жеринен тартып белгилеген. Аалымдын айткандары социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Айрымдар анын билдирүүсүн чектен чыккан көрүнүш катары караса, Чубак ажыга колдоо көрсөткөндөр да жок эмес. Социалдык түйүндөрдө пикирин калтыргандардын катарында жазуучу, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев да бар. Ал кандай болгон күндө да дин ишмери мамлекеттин ишине кийлигишпеши керек экенин белгилейт. Белгилүү аалым орозодо орой ката кетирди деген пикирде.

Мыйзам долбоорун парламенттин жалпы жыйынына чыгарууга каршы добуш берген эл өкүлү Жанар Акаев Чубак ажынын айткандарын экстремизмге тете билдирүү деп сыпаттады. Депутаттын таламын талашкандар “мыйзам долбоорго каршы чыккандарды динге каршы” деп түшүнүү жаңылыштык экенин белгилешет. Аалымдын айткандары коомчулукта канчалык кызуу талкууну жаратса, ага себепчи болгон тармактык комитетте колдоо таппаган мыйзам долбоору да эл көп сөз кылган маселе. Бул өңдүү демилге өлкөнүн мыйзам чыгаруучу бийлигинде алгачкы ирет 1996-жылы көтөрүлгөн. Бирок, ал түшкү тыныгууну узартуу эмес, жуманы биротоло дем алыш күн кылуу аракети эле. Бир нече ирет колдоо таппаган соң эми демилгечи эл өкүлдөрү эмгек кодексине чакан өзгөртүү киргизүүнү максат кыла баштады. Мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу аталган мыйзам кабыл алынбаган күндө деле динге бекем кызматкерлер иш учурунда жума намазга кете беришээрин белгилейт.

Ал эми мыйзам долбоорун сындагандар, ал кабыл алынып калса иштин ырааты бузулаарын эскертишүүдө. Долбоордо түшкү тыныгуунун эсебинен, ишти кечки жетиге чейин узартуу каралган. Айрымдардын диний ишеними үчүн жумуштан бир саат кеч чыгуу башкалардын укугун бузууга жатаарын айткандар четтен чыгат. Мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралуу алдында турат. Бирок, анда парламенттин тармактык комитетинин чечими да эске алынат. Демилге депутат Тазабек Икрамовго таандык. Ал динге бекем кызматкерлер менен жетекчинин ортосундагы жума күнү жаралган карама-каршылыкты жоюу үчүн аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылчыгын белгилейт. 

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”