Жаңылыктар
Гандинин өмүрүн баяндаган китептин бет ачаары өттү
Билим
Гандинин өмүрүн баяндаган китептин бет ачаары өттү

“Махатма Гандинин идеялары, бүгүнкү лидерлер үчүн өрнөк болушу керек “. Мындай пикир Бишкекте өткөн Махатма Гандинин өмүр жолун баяндаган китептин бет ачаарындай айтылды. Ошондой эле конференцияда эки өлкөнүн экономикалык, илимий, маданий кызматташтыгы жана келечеги талкууга алынды. 

Конференция Бишкек Гуманитардык университетинин базасында өтүп ага, Индиянын кыргызстандагы элчиси Жайант Кохобаргаде, ТИМдин стат – катчысы Данияр Сыдыков, бир ката толук жана ыйгарым укуктуу элчилер, коомдук ишмерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, Индиядан келген студентер, жергиликтүү жаштар катышты.