Жаңылыктар
"Майлуу-Суу лампа" заводу өндүрүштү кеңейтет
Кыргызстан жаңылыктары
"Майлуу-Суу лампа" заводу өндүрүштү кеңейтет

Ооруканалар жана стационарларды кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад облусундагы «Майлуу-Суу лампа заводу» өндүрүш көлөмүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында берди. «Заводдон өндүрүлгөн кычкылтекти ташууда коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулсун. Аймактарга жеткирүү шарттары комплекстүү түрдө каралууга тийиш», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов. 

Жыйындын жүрүшүндө ооруканалардын реанимациялык блокторун электр энергиясынын альтернативдүү булагын түзүү - генераторлорду орнотуу ишин күчөтүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине медицина кызматкерлерин сапаты жогору болгон жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылууну катуу көзөмөлгө алуу милдеттендирилди. Тармактык мамлекеттик органдарга медициналык каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана алардын запасын түзүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.