Жаңылыктар
Россиядан кезектеги гум жардам келет
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядан кезектеги гум жардам келет

Росси Кыргызстанга гумжардам иретинде жасалма дем алдыруучу 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, беш көчмө рентген аппарат, алты ультра үн жабдуусун жана медицина кызматкерлери үчүн 0,5 млн. даана хирургиялык беткап берет. Бул тууралуу 17-июлда Минск шаарында Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин жолугушуусунда белгилүү болду. 

Гуманитардык жардам иретинде келүүчү медициналык жабдуулар кыргыз мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен орус президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү учурундагы өтүнүчү боюнча берилүүдө.