Жаңылыктар
Орусиядан жардамга дарыгерлер келет
Кыргызстан жаңылыктары
Орусиядан жардамга дарыгерлер келет

Россия Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө 51 медкызматкер, жеке коргонуучу каражат жана дары-дармек жөнөтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков жана РФ президенти Владимир Путиндин бир катар жетишилген макулдашууларынын натыйжасында Россия тараптын колдоосу менен пандемия кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралар башталган. 

Жогоруда айтылган өлкө башчыларынын келишимдерин ишке ашырууга үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда Кыргызстанга Роспотребназдын делегациясы, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги келген, анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал иликтенип, COVID-19 илдетинин жайылышы менен күрөшүүдө практикалык көмөк көрсөтүлгөн. Кыргызстанга Россиядан медкызматкерлерден турган чоң топту жиберүү боюнча эки тараптын ортосунда маселе каралып жатат. Айта кетсек, Кыргызстандын медициналык мекемелеринде иштөөгө жана кеңеш берүүгө Россиядагы Башкортостан Республикасында 51 медициналык кызматкерден турган команда топтолду. 

Аталган дарыгерлер тобу 22-июлда келери күтүлүүдө. Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан гуманитардык жардамдын келери пландалууда. Мындан сырткары, Кыргызстан менен Россиянын региондор аралык кызматташуусунун алкагында, Чечен Республикасынан медициналык дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жардам берилери күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Россия Федерациясы буга чейин Кыргыз Республикасына ПЦР-тест-системаларын, дары-дармектерди, медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын тапшыруу менен коронавирус менен күрөшүүгө активдүү жардам берип келет.