Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC Fight Night 172 турниринде мыкты беттеш тартуулаганы үчүн негизги гонорарынан тышкары дагы 50 миң доллар бонус алды. Бул тууралуу уюмдун Instagram баракчасында жазылды. Ал эми UFC уюмунун Россиядагы филиалынын баракчасы Физиев кошумча сый акы алганын укканда кандай абалда болгон видеону таратты. Ал сүйүнгөнүнөн кыйкырып, каткырып, жадагалса бетин басып көзүнө жаш алгандай түр көрсөткөнүн байкоого болот.
Спортчу беттешке чыккандыгы үчүн канча алганы белгисиз, аны негизги гонорар деп аташат. Ал эми 50 миң доллар кечеде мыкты кармаш көрсөткөндөргө ыйгарылат. Бонусту турнирде 1-2 гана адам алышы мүмкүн, кээде эч кимге берилбей калат. Беттештен кийин маек берген Рафаель бонус анын жана үй-бүлөсүнүн жашоосун өзгөртө турганын айткан.
Кыргызстандык мушкер бүгүн таңда англиялык Марк Диакези менен жолугуп, калыстардын чечими менен утуп алды. Беттеш Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарындагы “Мушкерлер аралы” спорттук жайында болду.
Бул Физиевдин UFC уюмундагы үчүнчү беттеши. Биринчисинде россиялык Магомед Мустафаевден жеңилип, кийин октябрда бразиялык Алекс Уайтты утуп алган.